Бүгүн, 6-августта БШКнын жыйынында Тимур Айылчиевди Ысык-Көл облусунун Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынган жок. Жыйындын жүрүшүндө БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков Айылчиевдин эмгек жолунан күмөн санады. “Эмгек китепчесинде ал атасы жетектеген муниципалдык ишканада иштегендиги жазылыптыр. Негизи ата-энеси жетекчи болсо, балдары бухгалтерияда иштебеши керек”,- деди ал. Жыйынтыгында Айылчиевдин талапкерлигин колдоо үчүн БШКнын 5 мүчөсү макулдугун берсе, 6 мүчөсү каршы добушун берди. Белгилей кетсек, Тимур Айылчиев 17-июлда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушун алып, айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланган эле.