Бишкекте Айт намазы 8-августта саат 07:45те Эски аянтта өтөт. Бул тууралуу 6-августта муфтийдин орун басары Равшанбек ажы Эратов билдирди. Жамааттык намазды муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев өткөрөт. Намаздын алдында үгүт-насаат сөздөрү айтылып, бийлик өкүлдөрү жана коноктор кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттукташат. Майрамдык айт намазы бардык мечиттерде, республиканын ири шаарларынын аянттарында уюштурулат.