Жогорку Сот: Судья сот ишин караңгы киргенден кийин гана токтотууга болорун айтып, жактоочунун өтүнүчүн четке какты

Жогорку Сотто "ата журтчу" 3 депутат боюнча сот иши уланып, депутат Садыр Жапаровдун жактоочусу жарыш сөзгө чыкты. Бирок көп өтпөй жумуш убактысы бүткөнүн айтып, отурумду токтотуу өтүнүчүн судьяга билдирди. Бирок судья Жакып Абдрахманов өтүнүчтү четке какты. "Сот ишин караңгы киргенге чейин улантууга болот. Азыр токтотууга негиз жок",- деди ал. Бул жооптон кийин жактоочу сөзүн улантууга аргасыз болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан