Жогорку Сот: Жактоочу Токталиев "мен орозомун, соттордой болуп 3 маал тамак ичкен жокмун. Жарыш сөздү кийинки отурумда айтайын" деди
"Ата журтчу" 3 депутаттын ишин Жогорку Сотто кароо улантылып жатат. Учурда жактоочу тарап жарыш сөзгө чыгууда. Коомдук жактоочу Акин Токталиев жарыш сөздү кийинки отурумда айтуу өтүнүчүн келтирип, бирок судья аны орундаткан жок. "Мен орозомун, бул жердеги судьялардай болуп 3 маал тамак ичкен жокмун. Шайым кетип турат, жарыш сөздү кийинки отурумда айтайын. Айтчу сөзүм көп",- деди эле судья Жакып Абдрахманов өтүнүчтү канааттандырган жок. Мындан кийин Токталиев жарыш сөзгө чыкты.