Жогорку Сот "ата журтчу" 3 депутатты күнөөлүү деп тапты
Жогорку Сот 6-августта "ата журтчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарды. Судья Жакып Абдрахмановдун төрагалыгынын астындагы соттук курам Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган чечимин толугу менен жокко чыгарды. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Аларга райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгиленди. Бирок жаза өтөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу депутаттар эркиндикте калды. Ал эми Талант Мамытовго жана депутаттардын 3 жан сакчысына карата Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Алардын жаза өтөө мөөнөтү аяктаган. Башкача айтканда, бардык айыпталуучулар бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Эскерте кетсек, 2012-жылдын 3-октябрында Бишкекте өткөн "Кумтөр" маселеси боюнча митингде депутат Ташиев чогулгандарды бийликти басып алууга үндөп, ондогон тарапташтары менен Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүп тополоң чыгарган. Ошол эле күнү укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ушул жылдын 29-мартында 3 депутатты күнөөлүү деп таап, Жапаров менен Ташиевди 1 жыл 6 айга, Мамытов менен депутаттардын жан сакчыларын 1 жылга эркининен ажыраткан. 17-июнда Бишкек шаардык соту бул 3 депутатты бардык беренелер боюнча актап, сот залынан бошоткон болчу.