Бүгүн, 7-августта саат 9:00дөн 17:00гө
чейин Бишкектеги Табышалиев көчөсүндөгү №35-көп
кабаттуу үйдө, Талды-Суу, Малышев,
Жибек Жолу, Республика, Воршавский, Кызыл-Кыя, Түлөбердиев,
Белозерский, Саадаев, Жаш Гвардия, Арзамасский, Месарош,
Абдраев, Шиш-Дөбө көчөлөрүндө, Ак-Тилек,
Көлмө, Арча-Бешик конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт.
Ошондой эле Аламүдүн районундагы Константиновка, Луговое айылдарында, Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарындагы Тынчтык, Коммунист, Бейшеналиева көчөлөрүндө, Кара-Суу, Ставрополь айылдарында электр
жарыгын берүү чектелет. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул өчүрүүлөр
оңдоо иштерине байланыштуу болот.