Ысык-Көл: Жашоочулар "өз жерибизден өзүбүз акча төлөп өтөбүзбү" деп чыр чыгарышып 2 пансионаттын дарбазасын талкалап салышты

6-августта саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан “Карвэн - төрт мезгил”, “Радуга” эс алуу жайларында чатак чыкты. Бул тууралуу ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Жергиликтүү тургундар көлгө түшүү үчүн аталган эс алуу жайларына тиешелүү аймак аркылуу акы төлөп өтүшөт. Бул күнү да эс алуу жайдын күзөт кызматкерлери жергиликтүү жашоочулардан көлгө өтүүсү үчүн акча төлөөнү талап кылышкан. Буга нааразы болгон жашоочулар “өз жерибизден өзүбүз акы төлөп өтүшүбүз керекпи!"- дешип пансионаттардын дарбазаларын талкалап салышты. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге саат 21:30 чамасында келишип, ал жердегилерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чатакты басты. Учурда аталган аймактардан жергиликтүү тургундардын акы төлөп же бекер өтүшү каралып жатканын кошумчалады Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан