Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов депутаттык мандатынан ажырайт

Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов депутаттык мандатынан ажыратылат. Бул тууралуу "ата журтчу" 3 депутаттын ишине катышкан мамлекеттик айыптоочу Азизбек Шүкүрбеков билдирди. "Юридикалык жактан алганда бул 3 депутат мандатынан ажыратылышы керек. Качан, кандай тартипте мандатынан ажыратыларын БШК чечет",- деди ал.

Ал эми БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков эл өкүлдөрү боюнча Жогорку Соттун чечими БШКга келери менен алар автоматтык түрдө депутаттык мандаттарынан ажырай турганын билдирди. “Жогорку Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Ошондуктан өкүмдү БШК алары менен эрежеге ылайык, "күнөөлүү" деп табылган депутаттар мандаттарынан ажыратылат. Кайталайм, Жогорку Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Ал эми бул 3 депутаттын ордуна тизме боюнча кийинки талапкерлер келет”,- деди Кадырбеков.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан