Жалал-Абад. Депутат Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевге козголгон кылмыш иши боюнча бүгүн биринчи сот иши өтөт

Депутат Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиевге жана башкаларга козголгон кылмыш иши боюнча бүгүн, 7-августта шаардык сотто алгачкы отурум болот. Шаардык соттон сот процесси жаңыдан башталып жатканын кабарлашты. Маалым болгондой, шаардык соттун айланасында абал тынч. Айта кетсек, Шайырбек Ташиев жана башкалар июнь айында Жалал-Абад шаарында баш аламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо жана башка беренелер боюнча айыпталышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан