“Жогорку Сот бизди “күнөөлүү” деп табарын башында эле билгенбиз”,- деди бүгүн, 7-августта депутат Садыр Жапаров. “Шаардык соттон иш Жогорку Сотко 5 күндө жеткен. Ал эми башка иштер айлап, жылдап Жогорку Сотко өтпөй жүрө берет. Жада калса биз каршы пикир жазганга да жетишпей калдык. Мындай чечимдин чыгарылышын саясий буйрук катары эсептейм",- деди Жапаров. Ошондой эле ал элге пайдалуу иш кылуу үчүн депутаттык мандаттын кереги жок экендигин айтат. “Мен депутаттык мандатым жок деле мамлекет үчүн иштей берем. Негизги 2 нерсени ишке ашыруубуз керек. Биринчиси, “Кумтөрдү” Кыргызстанга өткөрүш керек. Экинчиси, өлкө үчүн иштей турган өкмөт түзүү зарыл. Эми мен бийликке жетем деп жан талашпайм. Мандаттан ажырасам, жеке иштерим менен алектене берем. Ал эми юридикалык жактан туура келе турган болсо, кийинки шайлоодо депутаттыкка талапкерлигимди коём”,- деди Жапаров.