Ош шаарында бир апта ичинде мас абалында унаа айдап жүргөн 51 айдоочу кармалды. Маалыматты Ош облустук наркологиялык диспансери билдирди. Аталган мекеменин кызматкери Таштемир Атабаев жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынып келинген айдоочулардын көбү мас абалында болушуп, кайда келгенин аңдап билбегендери да боло турганын айтты.