Турсунбек Акун: "Жогорку Сот "ата журтчу" 3 депутатты эркинен ажыратуу менен 295-берененин баркын кетирди"

“Ата журтчу” 3 депутатка карата Жогорку Соттун чыгарган чечимине соттордун да, депутаттардын да күнөөсү бар экенин экс-акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүн, 7-августта билдирди. Айтымында, депутаттарды 295-берене (бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо) менен күнөөлөө башынан туура эмес болгон. “Ал берене менен айыптаган соң 3 депутатты кеминде 11 жылга соттош керек эле. Антип соттой алышпайбы, демек, бул беренени алып салыш керек болчу. Бул 3 депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылышкан жок”,- дейт Акун. Ошондой эле ал депутаттарда да күнөө бар экенин айтты. “Ташиев, Мамытов жана Жапаровду башка беренелер менен соттой алышмак эмес, анткени алардын кол тийбестиги бар. Кесиптештери тилектештик көрсөтүшсө, кылмыш иши козголбойт да болчу. Ал эми Камчыбек Ташиевдин дарбазадан секиргени туура эмес жорук, эгерде аны соттобой койсо, коомдо “аа, Ак үйдүн дарбазасынан аша берсе болот” деген пикир пайда болмок. Садыр Жапаровун күнөөсү - митингдин уюштуруучусу болуп туруп окуяны көзөмөлгө албастан Ак үйгө кирип кеткени болду. Ал эми Талант Мамытов көпчүлүктүн агымы менен эле кеткен. 295-беренени Ташиевге эле койсо болмок, бирок анда деле чечим туура эмес болуп саналмак. Жогорку Сот депутаттар боюнча саясий өкүм чыгарып, 295-берененин баркын кетирди”,- деди Акун. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан