Аба кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ал Кыргызстандагы аба мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган. Аба кодекси аба кемелери, авиациянын түрлөрү түшүнүгүн жана аны пайдалануу тартибин кеңири ачып берүүчү айрым беренелер менен толукталган. Жеке, спорттук жана окуу-машыгуу максатында пайдаланылуучу авиация түшүнүгү киргизилет. Мыйзамдын негизги максаттарынын бири Кыргызстанда  жогорку жеңилдиктеги жана жеңил авиацияны өнүктүрүү болуп саналат. Буга байланыштуу Аба кодексине жогорку жеңилдиктеги жана жеңил авиациянын учуучу аппараттарын издөө-сактап калуу жана авариялык-сактоо иштерин жүргүзүүдө, табигый кырсыктар учурунда жардам көрсөтүүдө, айыл чарбасында авиахимиялык иштерди, туристтик учууларды аткарууда, аэрофотосүрөттөрдү, топографиялык сүрөттөрдү тартууда, фотографиялоодо жана башка иш-чараларда колдонууну жөнгө салуучу түзөтүүлөр киргизилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан