Талант Мамытов: "Мен мандат үчүн бийликке келген эмесмин. Жогорку Соттун чечими катуу деле тийген жок"

“Жогорку Сотто биздин иш каралып жатканда айыпталуучулардын өтүнүчтөрү одоно түрдө четке кагылып, сот процесси бир тараптуу жүрдү”,- деп билдирди депутат Талант Мамытов бүгүн, 7-августта. Айтымында, чечим мыйзамдуу чыгарылган жок. “Бизди саясаттан сүрүп чыгарып, депутаттык мандатыбыздан ажыратуу үчүн ушундай чечим чыгарылды. Ушундай чечим чыгарын буга чейин эле билгенбиз, бул бизге катуу деле тийген жок. Эл алдында тазабыз, мезгил өтүп акталарыбызга ишенебиз. Мен бийликке мандат үчүн келген эмесмин”,- деди Талант Мамытов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан