Бүгүн, 7-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунун жакыр жашаган үй-бүлөлөрүнө "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фонду тарабынан азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Аталган фонд 40 үй-бүлөгө 30 миң сомдук азык-түлүк таркатып берди. Облус башчынын орун басары Роза Кайыкова аталган фондго ыраазычылык баракчасын тапшырды.