Айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизилди
Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына
толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын
27-июнунда кабыл алынган. Тиешелүү толуктоолор жана өзгөртүү
“Мамлекеттик кызмат жөнүндө”, “КРнын бажы органдарында кызмат
өтөө жөнүндө”, “КРнын ички иштер органдары жөнүндө” жана
“КРнын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдарына киргизилет. Мыйзам
менен Кыргызстандын жарандарын укук коргоо органдарына ишке алуу үчүн милдеттүү
шарт катары - жигиттердин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн жана башка аскердик
түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты же болбосо запастагы офицерлер
программасы боюнча аскердик даярдоодон өтүүсү же альтернативдик (аскерден
тышкары) кызмат өтөөсү киргизилет. Кабыл алынган мыйзамдын ченемдеринин
колдонулушу укук коргоо органдарынын статусуна ээ эмес органдардын мамлекеттик
кызматчыларына жайылтылбайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө
кирет.