Жалал-Абад. Июнь айында Ош-Бишкек жолун тосуп, обладминистрацияны басып алууга аракет кылган деп айыпталгандар боюнча сот иши башка күнгө жылдырылды

Жалал-Абад шаарында 2013-жылдын июнь айында Ош-Бишкек унаа жолун тосуп, обладминистрацияны басып алууга аракет кылган деп айыпталгандар боюнча сот иши башка күнгө жылдырылды. Мындай чечим бүгүн, 7-августта шаардык сотто кабыл алынды. Аталган окуя боюнча  Абсатар Сыргабаев, ЖКнын депутаты Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиев жана ошол учурда өзүн элдик губернатормун деп жарыялаган Медер Үсөнов жана башкалар айыпталууда. "Соттук отурумдун башка күнгө жылдырылышына биз жаңы жактоочу алганыбыз себеп болду. Жаңы жактоочу биздин иш менен таанышып чыгуусу үчүн убакыт керек. Ошондуктан өтүнүч келтиргенбиз, ал орундалды",- деди ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан