Бишкекте шайлоого жергиликтүү калктын 31,62 пайызы катышты

Шайлоонун жыйынтыгында Бишкекте 109495 шайлоочу, башкача айтканда, каттоодон өткөн шайлоочулардын 31,62 пайызы добуш бергенин БШКнын сайты маалымдады. Айта кетсек, борбор калаада жалпысынан 346338 шайлоочу каттодон өткөн. Райондор боюнча бөлүп карасак, Ленин районунда 29131 жаран (30,89%) добуш беришсе, Октябрь районунда 27863 шайлоочу добуш берип, бул 20,32 пайыз дегенди билдирет. Калган 2 район боюнча Биринчи Май районунда 23547 адам шайлоого катышып, пайыздык көрсөткүч 34,14ти түзсө, Свердлов районунда 28954 жаран шайлоого катышып, пайыздык көрсөткүч 31,89га жеткен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан