"Кыргызстанда миграциялык саясаттын стратегиясы иштелип чыгууда" дейт социалдык өнүктүрүү министри
Кыргызстанда миграциялык саясаттын стратегиясын
иштеп чыгуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Социалдык өнүктүрүү министрлигинде
өткөн миграциялык саясатты иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
жыйынында айтылды. Жумушчу топтун жетекчиси Айгүл Рыскулованын айтымында, Кыргызстанда
тышкы миграция боюнча гана эмес, ички миграция боюнча да маселе көп. “Бишкек
жана Ош шаарында жаңы конуштардын саны өсүүдө. Бул жерлерде тиешелүү
документтери жок адамдардын саны көп. Бирок алар да медициналык жардам, билим
жана социалдык жардамдарды алышы керек”,- деди ал. Ал эми социалдык өнүктүрүү
министри Кудайберген Базарбаев чет өлкөлөргө жаштар көп кетип жатканын
белгилеп, миграция боюнча масштабдуу иликтөө жүргүзүп, бул абалдан чыгуу жолун
табуу керектигин айтты. “Өлкө башчысы миграция маселесине көңүл буруп,
миграциялык саясат боюнча стратегия иштелип чыгып жатат”,- деди министр.