Өлкөдө 7-августка карата 299 миң гектар жерден эгин жыйналды, 947 комбайн иштеп жатат

7-августка карата республика боюнча 493,3 миң гектар эгин аянтынын 299,4 миң гектарынан түшүм жыйналып алынды. Анын ичинен 205,9 миң гектардан буудай, 93,6 миң гектардан арпа жыйналды. Бул тууралуу 7-августта Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Буудай талаанын 1 гектарынан  орточо эсеп менен 27,3, ал эми арпадан 23,4 центнерден түшүм алынууда. Эгин аянттарында 947 комбайн иштеп жатат.        

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан