Бүгүн, 7-августта Бишкектин мэри Иса Өмүркулов куруучуларды келе жаткан кесиптик майрам менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Мэр куруучуларга ден соолук, ийгилик, туруктуулук жана тынчтык каалады. Муну менен катар аларды Орозо айт майрамы менен да куттуктады. Курулуш тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге көп жылдык мээнети үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.