Кыргызстанга Индиянын Коргоо министрлигинин аскердик делегациясы келди. Алар кыргыз аскерлери менен биргеликте “Арчык-Таш” лагерине барып Ленин чокусуна чыгууну пландаштырууда. Иш-чарага Коргоо министрлигинин 52870-аскер бөлүгүнөн жети аскер кызматы жана 10 индиялык кесиптештери катышат. Ленин чокусун багындыруу алдында кыргыз-индия аскердик командасы атайын даярдыктан өтөт. Белгилей кетсек, аскерлердин коопсуздугун “Ак-Сай Трэвел” түрк ишканасынын жогорку деңгээлдеги гиддери камсыздайт. Иш-чара 25-августта жыйынтыкталат.