Чек ара кызматынын төрагасы Түп районунда иш сапары менен болду

КРнын Чек ара кызматынын төрагасы  Курманакун Матенов Ысык-Көл облусундагы Түп районунда күч түзүмдөрүнүн райондук башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана район тургундары менен жолугушту. Чек ара кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө байланыштуу көйгөйлөр талкууланып, мамлекеттик чек ара тууралуу бир катар нормативдик-укуктук документтер боюнча түшүндүрмө берилди. Белгилей кетсек, КРнын Чек ара кызматынын жетекчиси Ысык-Көл облусунда жайгашкан бөлүктөргө жана бирикмелерге иш сапары менен барган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан