Бишкек мэриясында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча семинар болуп өттү
Бүгүн, 7-августта Бишкек мэриясында
жергиликтүү бийлик органдары үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бир күндүк семинар өттү.
Семинарга мэриянын аппарат
жетекчиси Эрмек Мамыркалиев, Бишкек шаардык прокуратурасынын өкүлдөрү жана башкалар катышты. “Биз коррупцияны ооздуктоо үчүн коомдук
пикирди колдоп, жарандар жана жергиликтүү органдар менен түздөн-түз мамиле
түзүшүбүз керек. Бул коррупцияга каршы күрөшүүдө оң натыйжасын берет”,-
деди Эрмек Мамыркалиев. Аталган семинар коррупцияга каршы күрөшүү максатында
Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулду.