Бүгүн, 8-августта Бишкектеги эски аянтта Айт намазы өттү. Жамааттык намазды муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев башкарып, иш-чарага төрага Асылбек Жээнбеков, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун жана башкалар катышты. Айт намазга келгендер жылдагыдай эле аянтка батпай турду.