Бүгүн, 8-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Айт намазы өттү. Ага өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, шаар жетекчиси Мелис Мырзакматов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош облусунун казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана башкалар катышты. Жалпы катышуучулардын саны 20 миңдей болду.