АКШнын президенти Барак Обама президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

АКШнын президенти Барак Обама президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Куттуктоодо мындай деп айтылат: 

“Урматтуу президент, Америка элинин атынан сизге жана сиздин элиңизге кубанычтуу Орозо айт майрамында эң жакшы каалоо-тилектеримди билдирем. Өтүп жаткан айда Рамазан айынын салты менен АКШдагы жана дүйнө жүзүндөгү мусулмандар үй-бүлөсү жана достору менен алсыздарга жардам берип келишти. Мен ойлойм, улуу Рамазан айы сиздердин өлкөдөгү мусулман коомчулугу үчүн жаңылануу жана ойлонуунун мезгили. Сизге жана сиздердин элге келе жаткан жылда тынчтык, ден соолук жана өнүгүүнүн үстүндө болууну каалайм. Орозо айт мубарак болсун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан