Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Ал өзүнүн куттуктоосунда берекелүү Рамазан майрамынын келиши менен кыргыз элине куттуктоо жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканына кубанычта экенин билдирген. “Бул жарык күндөрдө сизге, урматтуу Алмазбек Шаршенович, бекем ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине мындан аркы илгерилөөнү жана өнүгүүнү каалоо мага кубаныч тартуулайт”,- деп айтылат куттуктоодо.