Президент Алмазбек Атамбаев Айт намазында Аламүдүн районунун Арашан айылындагы мечитте болду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекет башчы намаздан кийин Ата-Бейит мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрель окуясында каза болгондорду эскерди.