Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Алар: КРнын Граждандык кодексине, КРнын Эмгек кодексине, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, КРда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтолуучу бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” КРнын мыйзамдары. Мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 27-июнунда кабыл алган. Ал пенсиялык системди мындан ары реформалоо, пенсиялык жыйымдардын каражаттарынын туруктуулугун жана сакталуусун камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруусун жөнгө салуучу КРнын мыйзамдык базасын өркүндөтүү максаттарында иштелип чыккан. 2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган бул мыйзамдын 1-беренесинин 4-пунктун жана 3-беренесинин 1-пунктун кошпогондо, бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.