"Таза шайлоо" ассоциациясы Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо 250 мыйзам бузуу болгонун айтууда

"Таза шайлоо" ассоциациясынын байкоочулары Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо 255 мыйзам бузуу фактысы орун алгандыгын айтып чыгышты. Байкоочулардын айтымында, мыйзам бузуулардын 120сы участкалык шайлоо комиссияларынын кызматкерлерине таандык. Мындан тышкары "Таза шайлоо" ассоциациясынын билдирүүсүндө добушту сатып алуу боюнча 2, кайра добуш берүү боюнча 5, документтерди фальсификациялоо боюнча 6, тизмеден аты-жөнүн таппай калуу боюнча 7, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү боюнча 7, байкоочулардын укугун бузуу боюнча 5 факты жөнүндө кеп болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан