Өзбекстандын президенти Ислам Каримов президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Куттуктоодо мындай деп айтылат:
“Урматтуу президент, улуу Рамазан айында сизге чын жүрөктөн куттуктоомду жана каалоо-тилегимди жиберем. Учурдан пайдаланып бул эң жакшы майрамда сизге бекем ден соолук, ал эми ынтымактуу кыргыз элине туруктуу тынччылыкты, өнүгүүнү жана бейпилчиликти каалайм”