28-августта Бишкектин Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде үрөй учурган мушташ орун алды. Токмоктолгон жарандардын туугандары шектүүлөрдүн тууганы милиция кызматында иштегендиктен, күнөөлүүлөр жазасыз кутулганы жатышат деп кооптонушууда.
“Инимдин баш сөөгү сынып, бетинин, жаагынын сөөктөрү майдаланып кетиптир. Операциядан кийин кайра калыбына келеби, келбейби бул чоң суроо дешти врачтар”, - дейт жабырлануучунун эжеси.
Окуянын чоо-жайын толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№879, 5-сентябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.