Кант шаарынын мэри Улан Майлыбашев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.
Улан Майлыбашев Кант шаарын алгач 2021-жылдын июнь айында жетектей баштаган. 2024-жылдын апрелинде административдик-аймактык реформадан кийин Кантка облустук маанидеги шаар макамы берилип, президент Садыр Жапаров аны кайрадан мэр кылып дайындаган.