Кыргызстандык паратриатлончулар 13-22-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда үч медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, мелдеш Long Distance Triathlon дисциплинасы боюнча өтүп, катышуучулар 3 чакырым сууда сүзүп, 120 чакырым велосипед тээп, 30 чакырым чуркашты. Атаандаштык көзү азиз спортчулар арасында PTVI категориясында өттү.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 2 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болду.
Эркектер арасында:
Дастан Камчыбеков - алтын медаль. Гайд - Игорь Измаилов;
Жалалдин Абдувалиев - күмүш медаль. Гайд - Артём Ханадеев.
Аялдар арасында:
Гүлназ Жүзбаева - алтын медаль. Гайд - Оксана Рыбакова.