2 баласын жетелеген кош бойлуу келинди ээрчитип, редакциябызга бейтааныш аял келди. “Бул келин мага эч ким эмес, бирок анын тагдырын угуп, кайдыгер карап тура алган жокмун” деген жаран келиндин тагдырын баяндап отурду.
“Наргиза Даун синдрому менен төрөлгөн экен. Анык ошол дарт менен ооруйт деп айта албайм, бирок психикалык жактан жабыркай турганы көрүнүп турат. Күйөөсү урат экен. Бир ирет мурдун сындыра чааптыр. Анысы аз келгенсип, балдарына да кол көтөрөт экен”, - дейт бейтааныш аял.
Наргизанын тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№879, 5-сентябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.