БШКнын мүчөсү Нурмамат Ашимов шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу маалымат жыйынын берүүдө

Ушул маалда БШКнын мүчөсү Нурмамат Ашимов Өкмөт үйүндө журналисттерге шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу маалымат жыйынын өткөрүүдө. "Талас шаарындагы кайсы бир участкасында 500 бюллетень чыкты. Бирок ал участкада катталгандардын саны 400дөн гана ашат. Демек, бул жерде массалык бюллетень ташталган болуп жатат. Ошондой эле участкадан тышкары добуш берүү боюнча Жалал-Абад облусунда да мыйзам бузуу катталды. Мындан башка дагы мыйзам бузуулар бар. Алар азыр БШК тараптан такталып, териштирилүүдө. Бул тууралуу жалпы маалымат жыйынында кабарланат",- деди Нурмамат Ашимов. Кошумчалай кетсек, жалпы маалымат жыйыны эртең өткөрүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан