Бүгүн, 8-августта Ак үйдө чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын жетекчилери жана «Замандаш» ассоциациясынын мүчөлөрү менен төрага Асылбек Жээнбековдун жолугушуусу болду. Анда төрага «Замандаш» ассоциациясынын 10 жылдык мааракеси менен жана мусулмандардын Орозо айт майрамы менен куттуктап: «Чет өлкөлөрдө эмгектенип жаткан мекендештерибиздин кыргыз эли үчүн салымы чоң. «Замандаш» ассоциациясы мекендештерибиздин башын бириктиргени жана алардын укуктарын коргоп жатканы бизди кубандырат»- деди. Орусиядан жана Казакстандан келген кыргыз диаспораларынын жетекчилери өзүнүн ийгиликтери менен бөлүшүп, суроолору менен төрагага кайрылышты. Чет өлкөдө жашап келген мекендештер тарабынан Кыргызстандын миграция саясаты боюнча мамлекеттик концепция иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленип, мигранттардын медициналык жактан көйгөйлөрү, консулдук мекемелерди ачуу маселеси каралды. Өз кезегинде Асылбек Жээнбеков чет жакта эмгектенип жүргөн мекендештердин Кыргызстандын экономикасына кошкон салымын белгилеп, кыргыз диаспоралары тарабынан коюлган маселелерди кылдаттык менен карап чыгарын айтты. Ошондой эле мигранттардын медициналык коргоосу боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүгө, консулдук мекемелерди ачуу аракеттерин жасоого убада берди.