Эртең, 9-августта Баткенде Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтчү жол ишке берилет

9-августтан тарта Баткен облусундагы Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтчү Бөжөй - Сөгөт-Бел жолу пайдаланууга берилет. Айта кетсек, бул жолдун айынан жыл башында Чарбак айылынын тургундары менен Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Анда хушярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир нече автоунааны талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Жаңжал учурунда Сох анклавы аркылуу өтчү жол жабылып, Бөжөй айылдарынын тургундары башка аймактар менен байланыша албай калган. Жол облустагы Бөжөй айылын Сох анклавын айланып өтүп, Кыргызстандын башка аймактары менен туташтырат. Аталган жолдун курулушуна 30 миллион сомдой каражат жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан