Сноуденден улам Барак Обама Москвага болчу иш сапарын токтотту

АКШ президенти Барак Обаманын сентябрь айында Москвага болчу иш сапарынын токтотулушун Орусия бийлиги колдобойт жана мындай чечимди өкүнүү менен кабыл алды. "Бул көйгөй АКШнын дагы деле тең укуктуу негизде мамиле курууга даяр эмес экендигин айгинелейт",- деп билдирди Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков. Орусиялык ММКлар жарыялагандай, Ушаков "АКШ көп жылдардан бери Орусия менен кылмышкерлерди экстрадициялоо боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюудан качып келген. Орусиянын аймагында кылмыш жасаган жарандарды кайтарып берүү боюнча Орусиянын өтүнүчтөрүнө АКШ аталган макулдашуунун жоктугун шылтоолоп баш тартып койчу",- деп кошумчалады. Ушаковдун айтымында, Обаманын Мосвага болчу иш сапарын токтотушу Орусия үчүн жагымсыз. Бирок Обамага жиберилген чакыруу жокко чыгарылбайт, ошол бойдон кала берет.  

 

Кошумчалай кетсек, америкалык атайын кызматтын экс-кызматкери Эдвард Сноуденге Орусия 1-августта өз аймагынан баш паанек берген. Ага чейин АКШ тарап "эгер Орусия биз кармай албай жаткан Сноуденге баш паанек берсе, Обама сентябрда Санкт-Петербургда өтүүчү G20 саммитине катышуудан баш тартып, Москвага болгон иш сапарын жокко чыгарышы мүмкүн" деген билдирүү жасаган болчу. Обама саммитке катышат, бирок Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушпайт. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан