Орусиянын Челябинск облусундагы "Чыгыш экспресси" телеканалынын эфиринен президент Владимир Путин күтүүсүз сындалды. Программа боюнча, алып баруучу эфирден томографтар жөнүндө жаңылык бермек. Бирок анын ордуна таптакыр башка, Путиндин башкаруу доорун сындаган материал жарыяланып кетти. Кадрларды коштогон сүйлөмдөр журналисттер Наталья Эстемирова менен Анна Политовскаянын өлүмүн, Москвадагы айрым жардыруулар жөнүндө болуп, акыркы сүйлөм "Путиндин доорунда коррупция болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жетти" деп аяктаган. Андагы кадрлар "Орусия: Путиндин доору" аттуу даректүү тасмадан алынганы белгилүү болду. Ал тасма 2012-жылы грузиялык телеканалдардын биринен көрсөтүлгөн. Бул окуя телеканалдын өзүндө чоң жаңжалды жаратканы айтылды. Бул ишти атайлап жасаган режиссёр иштен айдалды. Анын мындай жоругуна жетекчиси менен урушуп кеткени себеп болуптур. Кыжыры келген режиссёр жетекчисинен ушундай жол менен өч алмакчы болгон. Ага карата бейбашчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн.