Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер 2012-жылы 774 465 сом киреше тапканын тапшырган декларациясында көрсөттү. Ошондой эле эл өкүлүнө таандык 1789 чарчы метр аянтты ээлеген имараты бар (эмне имарат экендиги көрсөтүлгөн эмес). Ал эми унаасы, үйү тууралуу маалымат декларацияда жазылган эмес. Шердин жакындарынын Хонда CRV үлгүсүндөгү унаасы жана 175,6 жана 447,6 чарчы метр аянтты ээлеген 2 үйү бар.