7-августта Жалал-Абад ОИИБи Рамазан айында облустун аймагында кылмыштуулуктун алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо мыкты жыйынтык көрсөткөн милиция кызматкерлерин сыйлады. Жалал-Абад ОИИБинин билдиришинче, 160 милиция кызматкерине 600 сомдук азык-түлүк тапшырылды. "Мындай көңүл буруу алардын иштөөсүнө стимул болот",- деп билдирет ОИИБи.