Бүгүн, 9-августта КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов ЖАМКнын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ардагерлери жана кызматкерлеринин алдында сүйлөгөн Мамытов буларга токтолду. “Биздин мойнубузга эркинен ажыратылып, жаза аткарып жаткандардын коопсуздугун камсыз кылуу чоң жоопкерчилиги илинген. Өз өмүрүн тобокелге салып, кызматын татыктуу аткарып жаткан Жаза аткаруу кызматынын ардагерлерине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз”,- деди ал. Майрамдык иш-чаранын алкагында аталган кызматтагы үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге Ардак грамоталар жана аскердик наамдар тапшырылды.