Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков былтыр 849 587 сом маяна алганын тапшырган декларациясында билдирген. Ага ылайык, кыймылсыз мүлктөрү катары булар көрсөтүлөт: 150 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 97,4 чарчы метр жерди ээлеген батир, 313 чарчы метр аянтты ээлеген үй. Депутаттын минген унаасы 1998-жылы чыгарылган Хундай Соната . Ал эми депутаттын жакындары 35 200 сом киреше тапкандыгы көрсөтүлүп, мүлктөрү тууралуу маалымат жазылган эмес.