Чүй облусунун Кайыңды шаарындагы шайлоо участкаларында добуштар толугу менен саналып бүттү. Участкалардан келген протоколго ылайык, КСДП - 1045 добуш (48,09%), "Замандаш-Современник" - 444 добуш (20,43), "Борбор" - 247 добуш (11,37%), "Республика" -231 добуш (10,63%), "Ата Мекен" 165 добушка (7,59%) ээ болушту. Кайыңды шаары боюнча жалпысынан шайлоого катышуучу үчүн 3810 шайлоочу каттоодон өтсө, алардын 2173ү, башкача айтканда, 57,03%ы гана добуш берди.