Бүгүн сиздерди океандын ары жагында жашаган ийгиликтүү бир мекендешибиз менен тааныштырабыз. Ал – Салидат Хамилова. Салидат 5 жылдан бери АКШда жашайт. Бул аралыкта дүйнөлүк мода индустриясына аралашып, өткөн жумада Нью-Йорк шаарында өткөн мода жумалыгына катышты. Сулуулук чөйрөсүндө дүйнөлүк сүлууларга тең келип, кыргыздын атын чыгарган Салидат менен кызыктуу
маек курдук.
“Кыргыз өлкөсү кичинекей, жаш өлкө болгондуктан, чет өлкөлүктөр кыргыздардын бар экенин билишпейт. Менден дайыма "Япония, Корея же Кытайдансыңбы?" деп сурашат. Анан мен эринбей жүз жолу сураса, жүз жолу кыргыздар ким экенин, Кыргыз өлкөсүн картадан көрсөтүп, биздин салттар, тамактарыбыз жөнүндө айтып берем”, - деген Салидаттын маегин толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№881, 19-сентябрь, 2019-жыл) окуй аласыз.