Ысык-Көл облусундагы жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоого 198 миллион сомдон ашуун каражат керек. “Чыгыш электр” ишканасынын билдиришинче, учурда облуста 101 көмөк чордон алмаштырууга муктаж. Болжол менен 9955 чакырымдык аба чубалгыларынын 6 чакырымы канааттандырарлык абалда. Ал эми калган бөлүгү толугу менен оңдоп-түзөөгө муктаж. Облустун жаңы конуштарына 78 көмөк чордон коюп, 268 чакырым электр өткөрүүчү чубалгыларын тартуу зарыл. Бул үчүн 198,3 миллион сом талап кылынууда.