Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.
Андан бери 30 жыл өттү, кыргыз тили жетиштүү деңгээлде өнүктү дегендер аз. Бийлик өкүлдөрүнөн тартып мектептеги окуучуларга чейин, арасында эне тилинде сүйлөй албаган Кыргыз жарандары бар. Бул көрүнүштү кадыресе кабыл алгандар да четтен чыгат.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Бүгүн кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл болду. Бийлик ушунча жыл аралыгында мамлекеттик тилди үйрөндүбү?" деген собол салды.
Суроого Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев жооп берип, тез аранын ичинде жөнгө сала турган бир катар жагдайлар бар экенине токтолду.
"Биз ойлогондой деңгээлде өнүккөн жок, бирок отуз жыл ичинде коомдук карым-катыштын, саясаттын, кандайдыр бир деңгээлде мыйзам чыгаруу органынын жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Тил көп убакытты талап кылат, Европада адабий тилдин пайда болушу үчүн 3-4 кылым кеткен, Орусияда бир кылым кеткен. Бирок биз азыркы кыйынчылыктарга шылтоо кылбай, бардык башкаруу органдары документалдык иштерди кыргыз тилинде толтурушу керек.
Башка да көйгөйлөр бар, биринчиден, биз мектеп программасына жаңы методиканы киргизе алган жокпуз, экинчиден, Орусияда өсүп жаткан кыргыз балдардын кыргыз тилди кошо үйрөнүшүнө кам көрүшүбүз керек. Үчүнчүдөн, балдар китеп окубай калышты, баары мультфильм көрүшөт. Эне тил деп бекеринен айтпайт да, аны кичинекей чагынан тартып үйрөтүш керек. Ошон үчүн балдар көргөн мультфильмдердин ылайыктуу, көрүмдүүлөрүн кыргыз тилине которуп беребизби, айтор, ушул жагдайларды тез жөнгө салбасак кечигип калабыз", - деди Иманалиев.