7-август күнү Ош облусунун Чоӊ-Алай районунда деңиз деңгээлинен 3700 метр бийиктиктеги Ачык-Таш жайлоосунда Ленин чокусунун 85 жылдыгына арналган фестиваль болуп өттү. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага ЖКнын депутаттары, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, Ош облусунун жашоочулары жана чет элдик альпинисттер катышты. Фестивалды баштаардын алдында атайын түзүлгөн делегация мурда аймакта курман болгон альпинисттердин мемориалына барышып, эскерүү мүнөтү болду. Иш-чаранын алкагында кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш жана башка кыргыздын улуттук оюндары менен бирге эркектер арасында волейбол оюну боюнча мелдеш уюштурулду. Жергиликтүү жашоочулар улуттук искусстводогу буюмдардын жарманке-көргөзмөсүн уюштурушту. Мындан сырткары концерттик программа тартууланды. Маалыматка ылайык, фестивалга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 500дөн ашуун альпинист келип катышты.